Андан кийин эмне болот? Келгиле, ушул маселелерди чогуу изилдеп көрөлү. Биринчи кезекте, өлүмдүн өзүн карайлы. Машайакчылык адамзаттын тукуму үчүн өлүм табигый нерсе эмес деп окутат. Кудай башынан эле адам баласы өлүп, каза болушун каалаган эмес. Ошондой эле ал адамдардын ооруп калышын, жараат алганын же жөн эле картайганын каалаган эмес. Мунун бардыгы Кудайдын жакшынакай жаратуусуна жамандыктын киришинин натыйжасы (ал жөнүндө бул жерден окуй аласыз).

Бирок азыр биз үчүн бул дүйнө жана бүтүндөй Аалам менен бир нерсе туура эмес болуп кетти дегенди билдирет, ал эми өлүм – мунун көрсөткүчү. Ошондуктан өлүм бардыгына жетет (Байыркы Келишимде айтылган керемет окуялардагы бир нече адамдан башкасы – Башталыш 5:24 жана 2 Шемуел 2-бөлүм окугула). Кудай Ыйса Машайак катары адамдык табиятты алган кезде, Өзү да өлгөн, бирок Ал Кудай болгондуктан тирилген. Демек, бардык машайакчылар өлүмдү күтүп, ага даяр болушу керек. Муну жасоонун бир жолу (адаттагы мурас кагазды даярдоодо, үй-бүлө менен сүйлөшүү ж.б. иштерден тышкары) – Ыйса Машайак менен ишенимдүү мамиледе болуңуз. Ал биз үчүн курман болгон. Ал – өлгөндөрдүн арасынан тирилген, эч качан өлбөй тургандын Өзү.

Ушул эки себептен улам, айрыкча, өз өлүмүбүздү түшүнүү тууралуу сөз болгондо, биз Аны менен мүмкүн болушунча жакын болууга аракет кылабыз. Бизде мыкты Жетекчи жана Коргоочу болушу мүмкүнбү? Бизге жеңил же оорутпай турган өлүм кепилденген
эмес. Ыйык Китепте Кудай бизди бүткүл адамзат өтүшү керек болгон бардык денелик азаптардан куткарат деп айтпайт. Ошондуктан, сиз Ыйсанын жолдоочулары узакка созулган же өтө катуу кыйналган өлүмгө дуушар болгонун уга аласыз. Бул биздин ишенимибиздин баасын төмөн түшүрбөйт, анткени бизге бул жашоодо кыйынчылыкты күтүү керектиги эскертилген. Эгер биз өлүм учурунда азап чекпеген болсок, анда бул кубанууга жана ыраазычылык билдирүүгө негиз болот; эгер андай болбосо, бул оңой эмес, бирок биз баары бир Кудай биз менен боло турганына, бизди колдой турганына ишенебиз.

Биз өлгөндөн кийин, бир нече нерсе болот. Биздин денебиз бардык адамзаттын денеси сыяктуу бир нече саат ичинде муздайт. Биздин үй-бүлөлөр жагдайларга жана биздин акыркы айткан каалоолорубузга жараша сөөк коюуну уюштурушу мүмкүн. Кээ бирлери башка адамдар жашай алышы үчүн, өз органдарын курмандыкка бере алышат. Башка адамдар өзүнүн бүт денесин илимге же медициналык университетке курмандык кылып, тапшыра алышат.

Машайакчылыктын ичиндеги ар кандай конфессиялар кээ бир маселелер боюнча (мисалы, өрттөө же сөөктү көмүү) ар кандай пикирде, биз баарыбыз биздин жашообуз сыяктуу эле, биздин өлүмүбүз да Кудайды урматтап, жакындарыбызга кызмат кылышы керектиги менен макулбуз. Ошондой эле биз баарыбыз куткарылуубуз жана Кудайдын планы өлгөндөн кийин биздин денебиз менен эмне жасала тургандыгына: көмүлөбү, өрттөлөбү, жаныбарлар жешеби, изилдөө жана эксперимент жүргүзшөбү, ыргытып жиберишеби же шылдыӊ кылышабы, ал тургай, сөөк коюу жөрөлгөсүн башка диндин ырым-жырымы боюнча өткөрүшөбү, байланыштуу эмес экени менен макул болобуз, мунун баары эч кандай таасир этпейт. Акыр-аягы, булардын эч бири бизге руханий зыян алып келбейт. Кудай бизди Өзүнүн камкордугу менен сактайт.

Бирок адамдын материалдык эмес бөлүгү менен эмне болот? Ыңгайлуу болуш үчүн, мен муну “рух” деп атайм. Өлгөндө, машайакчынын руху Машайак менен жолугушууга барат. Айрым адамдар кантип “бейиште” же “асманда” боло тургандарын сүрөттөшөт (бирок бул булуттардын үстүндө отурган, периштелерге айланган, баштарында нимбасы бар, карикатуралык идея эмес. Бул Ыйык Китепте таптакыр жок.). Бул жер так эмнени жана кантип чагылдыргандыгы жөнүндө пикир келишпестиктер бар, бирок бардыгы ал жакта абдан жакшы болот дегенге макул болушат (эгер биз Ыйса менен болсок, кантип башкача болушу мүмкүн), бул дүйнөнүн акырында жалпы тирилүү убактысына чейин уланат. Бул тууралуу кийин кененирээк айтабыз.

Ушул убакыт аралыгында биз ойлоно алабыз, сүйлөй алабыз жана башка адамдар менен бирге боло алабыз. Биздин денебиз эми жок, анткени ал биз үчүн ортоңку үй сыяктуу. Бирок Кудай биздин бул денелерибизди кийин кайра алышбызды каалайт.

Ошол убакка чейин, биз Машайак менен бирге болгондуктан бактылуу болобуз.
Анын үстүнө, биз акыры күнөөдөн, башкача айтканда, ар кандай адамды кандайдыр бир деңгээлде жашоодо кыйнаган жамандыктын жугушунан, кутулдук. Эми бизде жашоо учурундагыдай азгырык, күнөө жок, биз туура нерсени жасоону каалап, бирок көп учурда өзүбүздү муну жасоого мажбурлай албаган, жок дегенде, биз каалагандай кемчиликсиз жасай алган туура эмес иш-аракет кылуу каалоосу жок, эч качан көңүлүбүз калбайт. Эми бул оӊбогон иштин баары жоголду. Биз өлгөндө, мунун баары өтүп кетти.

Бул убактылуу абал машайакчылар «Ыйсанын экинчи келиши», «дүйнөнүн акыры», «жалпы Тирилүү» же «кыямат» деп атаган нерсе аткарылганга чейин созулат. Бул Кудай адамзат тарыхын бүтүрүп, бардык нерсенин тарыхында жаңысын баштай турган мезгил. Боло турган окуялардын айынан мунун ушунча көп аталыштары бар. Биз алардын бардыгын иреттөөгө аракет кылабыз.

“Ыйса Машайактын Экинчи Келиши” Ыйса Өзүнүн өлүмүнүн алдында жана тирилгенден кийин дагы берген убадага тиешелүү. Ал кетээрин жана кайтып келерин ачык айтты. Ал асманга көтөрүлүп кеткенден бери дүйнө жүзүндөгү машайакчылар Анын келишин күтүп жатышат. Анын качан боло турган убактысын билбейбиз. Ыйса мунун эч ким биле албай тургандыгын, аны билейин деп убактыбызды текке кетирүүбүздүн керек эместигин ачык айтты. Ал кайтып келгенде, бул эч кимге сыр болбойт. Эч кимдин башы айланып, билбей калбайт. Бул жөнүндө бардыгы жана бардык жерде билишет.

Бул кээде биз “дүйнөнүн акыры” деп атаган нерсенин биринчи бөлүгү. “Дүйнөнүн акыры” – бул чындап ушул дүйнөнүн акыры. Бирок кичине тактап кете турган нерсе бар: ал өзүнө тарыхтын аягын да, бардык адамзатынын аягын да камтыйт. Бул аалам түбөлүк жашабайт. Кайсы бир белгисиз күнү Кудай бардыгын жаңыдан жараткысы келет. Биз Анын жаратканы деп атай алабыз. Жаңы жаратуу эскисине окшош болот, бирок мамилелерде айырмаланат. Эң чоң айырма, биздин көз-карашыбызда, мындан ары жамандык, күнөө, айып жана өлүм болбойт. Мунун баары жок болот.
Бирок адамзат бул жаңы жаратууга кире электе, сөзсүз бир аз тазалоо иштери жасалышы керек. Алгач Ыйса Машайак бардыгын, жакшыларды да, жамандарды да, өлгөндөрдүн арасынан тирилтет. Бул күнү бүткүл адамзат ойгонот. Миңдеген жылдар мурун өлгөндөр да; ал тургай, денелери толугу менен жок кылынгандар да; ал тургай, кимдин молекулалары жана атомдору башка өсүмдүктөргө, жаныбарларга жана адамдарга иштетилген болсо да, бардыгы ойгонот. Кудайдын буга күчү жетет. Ал үчүн бул көйгөй эмес. (А баса, ушул себептен машаякчылар өлүмдөн кийин денелери менен эмне болуп кетишинен коркпошу керек. Кудай бизди тирилтүүсүнө эч нерсе тоскоол боло албайт, ошондуктан биз өзүбүздү бош сезе алабыз.)

Кантип көтөрүлөбүз? Биздин денебиз кандай болот? Ыйык Китеп бизге кыйытмаларды жана убадаларды берген, бирок түз, таптакыр так сүрөттөмө жок. Биз дагы деле адам бойдон кала турганыбызды билебиз. Биз периштелерге же башка нерселерге айланбайбыз. Кудай бизди жараткан бойдон кала беребиз. Мындан ары жамандык, азапкайгы болбой турганын дагы билебиз, анткени бул денелер Кудайдын жаңы жаратылышы үчүн арналган. Ошентип, рак жана жүрөк оорулары өтмүштө калат. Мындан ары өлүм болбойт.

Калган нерселер тууралуу Ыйса Машайактын тирилген денесинин жана адамдар Ал эмне кылганын көргөндөрүнүн негизинде божомолдоолорубузду жасайбыз. Ал тамак жей алды, адамдар Ага колун тийгизе алышты жана Ал башкалар Аны ачык сезе тургандай материалдык эле. Бирок Ал бөлмөнү ачып убара болбой эле кирип кетиши мүмкүн болгон. Ал каалаган убакта пайда болуп жана жок болуп кете алган, ушул бир нече километр жердеги аралыкты басып өтпөстөн эле, ошол жерде болуп кала алган. Ошондой эле кээ бир адамдар Аны эмне үчүн тааныганы, ал эми башкалары тааныбай калганы белгисиз. Алар өлгөн адамды тирүү көрүүн күтпөгөндүктөнбү, же бул тирилген денеде адаттан тышкары бир нерсе бар экендигин билдиреби, биз билбейбиз. Башыңызды оорутуп, убара болбоңуз. Биз муну тактайбыз.
Бирок кайра “Жалпы Тирилүүгө” кайтып келели (муну биринчи болуп тирилген Ыйса Машайактын Тирилүүсү менен чаташтырбаӊыз). Жалпы тирилүүнүн артында Кудайдын Соту турат. Ыйык Китепте ар бир адам Кудайдан өз өкүмүн кабыл алышы үчүн тургандай сүрөттөлөт:

Анткени денеде жашап жүргөндө кылган жаман же жакшы иштерибизге жараша тиешебизди алуу үчүн, баарыбыз Машайактын сот тактысынын алдына келишибиз керек.

2-Корунттуктарга 5:10

Чынын айтсам, бул коркунучтуу. Өз күчү жана татыктуулугу менен ушул сыноодон өтүүгө үмүттөнгөн бир дагы адам жок, стандарт – бул жеткилеӊдик, биз ага жооп бербейбиз жана дал келбейбиз. Машайакчылар муну билишет. Биз бул сыноодон аман-эсен өтөрүбүзгө ишенебиз, бирок жакшы адамдар болгондуктан эмес, Ыйсанын өлүмү жана тирилүүсү Кудай алдындагы биздин абалыбызды өзгөрткөндүктөн. Келгиле, ушул жөнүндө бир аз сөз кылалы. Машайакчылыктын негизги окутуусу Кудайдын Ыйса
Машайактай адам болгону; Анын жашаганы, азап чегип, өлүп, кайра тирилгени. Мунун баары жаман күчтөрдү жеңип, адамзат тукумун сактап калуу үчүн.

Соттун көз карашы боюнча, бул биздин Кудайдын сотунан корккон күнөөлүү айыпталуучулардан «күнөөсүз» деп жарыяланган адамдарга айлана турганыбызды билдирет, анткени Ыйса биз жасаган бардык жамандыктар менен кылык-жоруктарыбызды
жок кылды. Ал бул жамандыкты айкаш жыгачта Өзүнүн каны менен жеңди. Ал бизден жаңы адамды, Кудайдын элин жаратты. Ошондуктан, Кудай бизди соттогондо, биз “күнөөсүз” деп эсептелебиз. Биз сонун адамдар болгондуктан эмес, бирок жөн гана мунун баарын Ыйса биз үчүн кылгандыктан. Биз үчүн гана эмес, ошондой эле Ага ишенген жана Анын кечирим жана жаңы жашоо тууралуу убадасын кабыл алган ар бир адам үчүн. Ал бардыгы үчүн ачык.

Ошондуктан, кыямат чоң, коркунучтуу иш болсо дагы, биз Ыйса бизди ал аркылуу өткөрө турганына ишенебиз. Мунун артында Кудай жараткан түбөлүк жаңы асман менен жер жатат. Ал жакта мындан ары кайгы-капа, өлүм, эч кандай жамандык, уят болбойт. Биз биринчи жолу чыныгы эркиндикти жана бакытты таанып билебиз. Анан биз Кудай менен, бири-бирибиз менен жана бардык жаратылган нерселер менен ырахаттанып жашайбыз.
Бул кызыксыз болобу? Эч качан! Дагы бир жолу айтам, Ыйык Китепте мунун кандай болорун сүрөттөгөн толук маалымат жок. Бирок биз жалгыз болбойбуз, башка адамдар менен чогуу болобуз, демек, коом болот. Бизге көңүлдүү болот – Ыйса муну сүрөттөө үчүн колдонгон образдардын айрымдары боюнча, ал жашоого тойлор жана майрамдар кирет.

Кыязы, бизде жоопкерчиликтер, атүгүл бир аз жумуштар болот; бирок адамдардын жумушуна болгон каргыш жоюлат. Мындайча айтканда, сиздин ишиңизде баары жакшы болуп жаткан учурларда сиз андан ырахат алган кезиӊизиди ойлонуӊуз! Эми бул сезимди миллионго көбөйтүӊүз. Биз дал ушул нерсени күтүшүбүз керек. Ошондой эле бизде “атак-даңк” болот, башкача айтканда, биз Кудайдын жараткандарынын арасынан маанилүү жана ардактуу орунду ээлейбиз. Ошондой эле биз эч качан бөтөн, керексиз же шылдыӊга калган адамдар болуп калабыз деп тынчсызданбайбыз. Кыскасын айтканда, бул эӊ сонун болот.

admin

Администрирование сайта, перевод статей на другие языки, модерирование.

Similar Posts
Latest Posts from THRED.ASIA

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *